IP-телефония кызматын колдонуучулар үчүн маалымат!
08 сентября
Урматтуу абоненттер! Сиздерге 2026-жылдын 18-сентябрынан тартып «IP-телефония» кызматынын алкагында айрым эл аралык багыттарга чалуулардын тарифтери өзгөрөрүн маалымдайбыз. Толук тарифтер менен биздин сайттагы «Телефония» бөлүмүнөн таанышып, прайс-листти жүктөп алсаңыздар болот.
КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ — 2026 «НОМАД ТВ» КАНАЛЫНДА MEGALINE ТАРМАГЫНДА!
27 августа
Сиздерди көк бөрү, көкпар, эр эңиш жана тыйын эңмей боюнча кызыктуу мелдештер, ошондой эле Оюндардын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдери күтөт.
6-сентябрь 11:00–13:00 — Көк бөрү (финал) 14:00–16:00 — Көкпар (финал) 19:55–21:00 — 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий жабылыш аземи.
Абоненттер үчүн жарыя!
18 августа
Урматтуу абоненттер!
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) иш-чаралары өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу шаардын айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу Megaline компаниясынын монтаждык жана техникалык бригадаларынын арыздар боюнча келүү убактысы узарышы мүмкүн.
Мүмкүн болгон кечигүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Биздин адистер жолдогу кырдаалды эске алуу менен арыздарды мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аткарууга аракет кылышат.
Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Кызматтардын иштөөсүндөгү убактылуу үзгүлтүктөр
07 августа
Урматтуу абоненттер!
Токтогул – Бөкөнбаев көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары – Кулиев көчөсү кесилишиндеги аймакта мамыларды демонтаждоо иштерине байланыштуу интернет тармагына жетүү убактылуу үзгүлтүккө учурады.
Оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин болжолдуу аяктоо мөөнөтү — 10.08.2026.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Кызматтардын ишинде убактылуу үзгүлтүктөр
05 августа
Урматтуу абоненттер!
Муромская көчөсүндөгү №92 орто мектептин аймагында электр мамыларын көчүрүү иштеринин жүрүшүндө магистралдык кабель үзүлгөндүгүнө байланыштуу төмөнкү калктуу конуштарда жана аймактарда интернет кызматы убактылуу жеткиликсиз болууда:
Калыбына келтирүү иштеринин болжолдуу убактысы — саат 11:00дөн 21:00гө чейин.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Бир жылга төлөп — 20% үнөмдөңүз! 💰
16 июля
Megaline’дын Интернет + ТВ пайдалуу тарифтик пландарына өтүп, 12 айга бир жолку төлөм кылганда 20% арзандатуу алыңыз. Тарифтик пландарга чексиз интернет жана 210дон ашык ТВ-канал кирет.
Тарифтер боюнча актуалдуу ылдамдыктар жана баалар (12 айга): КРОСС — 100 Мбит/с чейин Арзандатуусуз: 13 800 сом Арзандатуу менен: 11 040 сом Үнөмдөө: 2 760 сом
СПРИНТ — 200 Мбит/с чейин Арзандатуусуз: 15 000 сом Арзандатуу менен: 12 000 сом Үнөмдөө: 3 000 сом
МАРАФОН — 300 Мбит/с чейин Арзандатуусуз: 16 200 сом Арзандатуу менен: 12 960 сом Үнөмдөө: 3 240 сом
МЕГА — 600 Мбит/с чейин Арзандатуусуз: 27 600 сом Арзандатуу менен: 22 080 сом Үнөмдөө: 5 520 сом
🌐 Жогорку ылдамдыктагы интернет 📺 210дон ашык ТВ-канал 🔗 Толугураак: megaline.kg Арыз калтыруу жана туташтыруу шарттарын билүү үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот: WhatsApp: 0312 979 888 Telegram: @megalinekgbot
2026-жылкы Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты эми Mega-Line’дын Интернет + ТВ топтомдорунда!
17 июня
Дүйнөдөгү эң ири футбол майрамын түз эфирден көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз!
⚽ Негизги беттештердин түз эфирлери 📺 Жогорку сапаттагы сүрөт жана туруктуу көрсөтүү 🔥 Унутулгус эмоциялар, кооз голдор жана дүйнөлүк футболдун өзгөчө атмосферасы 🏠 Үй-бүлөңүз менен үйдөн ыңгайлуу көрүңүз
Mega-Line IPTV кызматына кошулуңуз жана 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын ар бир беттешинен ырахат алыңыз!
📩 Direct же Telegram аркылуу жазыңыз: @megalinekgbot
Mega-Line — эң кызыктуусынын баары бир ТВ-топтомдо!
Көңүл буруңуз! Алдамчылардан сак болуңуз!
12 марта
Интернет кызматтары үчүн ТӨЛӨМ жасоодо этият болуңуз:
✅ Тарифтик пландар боюнча төлөм сураган каттардагы, SMS же мессенжерлердеги шектүү шилтемелерге өтпөңүз. ✅ Бөтөн (үчүнчү тараптын) сайттарында жеке маалыматтарыңызды киргизбеңиз. ✅ Эгер кимдир бирөө пароль же код сураса — мындай чалууларды жана каттарды көңүл сыртында калтырыңыз.
📌 Биз эч качан сурабайбыз жана жөнөтпөйбүз:
🚫 абоненттердин паролдорун же жеке эсеп номерлерин 🚫 SMS же push аркылуу келген коддорду 🚫 интернет кызматтарына төлөм үчүн QR-коддорду
IP-телефония кызматын колдонуучулар үчүн маалымат!
26 февраля
Урматтуу абоненттер! Сиздерге маалымдайбыз, 2026-жылдын 8-мартынан тартып IP-телефония кызматындагы айрым чалуу багыттары боюнча тарифтердин баасы өзгөрөт. Ар бир чалуунун алгачкы 3 секундасы бекер. Толук прайс-листти биздин сайттагы «Телефония» бөлүмүнөн жүктөп алсаңыздар болот.
Мега-Лайн ТВ-пакеттеринин жаңыртылышы
17 февраля
2026-жылдын январынан тартып Mega-Line компаниясынын абоненттик ТВ-пакеттериндеги телеканалдардын тизмеси кеңейтилди.
Абоненттер үчүн фильмдер жана сериалдар, таанып-билүүчү берүүлөр, музыкалык контент, ошондой эле жаратылышты жана активдүү эс алууну сүйгөндөр үчүн арналган, анын ичинде HD форматтагы телеканалдар жеткиликтүү болду.
Mega-Line компаниясы ТВ-пакеттердин мазмунун дайыма жаңыртып, көрүүчүлөргө сапаттуу жана кызыктуу контентти сунуштоону улантат.